Коронавирустан дагы 73 бейтап айыкты. Өлкө боюнча 3460 адам илдетти жеңди

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 13-июлга карата коронавирустан дагы 73 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде сегиз медкызматкер бар.

Илдеттен айыккандардын негизги бөлүгү Бишкек шаарында катталды — 55. Ошондой эле Нарын облусунда тогуз, Ош шаарында беш жана Баткен облусунда төрт бейтап ооруканалардан айыгып чыгарылды.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 3460ка жетти — илдет 11 117 адамдан аныкталган. Ошондой эле коронавирус жуктурган 560 медкызматкер сакайды.

13-июлга карата COVID-19дун жаңы 361 учур катталды. Учурда 668 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат. Оорулуулардын 121и оор абалда. Мындан сырткары коронавирус жалпысынан 147 кишинин өмүрүн алды.