Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 11 миңден ашты — жаңы 488 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 13-июлда COVID-19дун жаңы 488 учуру катталганын маалымдады — алардын 265и Бишкек шаарында аныкталды.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 51, Ош шаарында — 45, Баткен облусунда — 43, Чүй облусунда — 37, Ысык-Кол облусунда — 15, Ош облусунда — 26, Нарын облусунда — 4, Талас облусунда — 2 адам коронавируска чалдыкты. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 125 медкызматкер бар.

Мындан сырткары өткөн сутка ичинде COVID-19 жуктурган 73 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды — алардын сегизи медкызматкер. Ошондой эле оору 15 бейтаптын өмүрүн алды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 11 117ге жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 1781 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 5106;

Чүй облусунда — 1965;

Ош шаарында — 1054;

Ош облусунда — 693;

Нарын облусунда — 652;

Жалал-Абадда — 642;

Ысык-Көл облусунда — 337;

Баткен облусунда — 334;

Талас облусунда — 94.

Мындан сырткары Орусиядан келген 240 мекендештерден коронавирус аныкталган.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 668 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде 121 бейтап оор абалда, анын 21и оорукананын жандардыруу бөлүмүндө.