Кыргызстандыктарга 70 миң сомдон жөлөкпул берилет деген маалымат жалган

Cоцтармактарда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атынан Кыргызстанда 1991-жылдан 2019-жылга чейин эмгектенген жарандарга 70 миң сом өлчөмүндөгү жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылган билдирүү тарап жатат.

Министрликтен аталган маалымат чындыкка дал келбейт деп билдиришти.

«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги расмий турдө аталган маалымат жалган экендигин жана чындыкка дал келбесин маалымдайт. Буга байланыштуу жарандардан маалыматка ишенбөөнү жана аны интернет булактарында таратпоону суранабыз», — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Жөлөкпул тууралуу тарап жаткан маалыматта жарандарга акча алуучулардын тизмесин текшерип көрүү үчүн шилтемеге өтүү сунушталат. Шилтеме аркылуу өткөндө дароо эле сурамжылоо чыгат. Анда колдонуучулардын жаш курагы, ошол убакытта кайсы ишканада иштегени жана жумушу тууралуу суралат.

«Ооба» же «жок» деген жоопко карабай колдонуучу жөлөкпул алуучулардын катарында бар экендигин, жөлөкпулду алуу үчүн сөзсүз түрдө бул маалымат менен бөлүшүү керектиги айтылат. Бөлүшүп бүткөндөн соң шилтеме култанылган сайтка багыттайт.

Мындай учурда эмне кылуу керек?

«Клооп» расмий эмес булактардан жана шектүү шилтемелерден келген билдирүүлөргө көңүл бурбай эле коюуну сунуштайт — муну менен сиз коопсуздугуңузду бекемдейсиз жана сиз жөнүндө маалыматтын шылуундардын колуна түшүп калуусунан оолак болосуз.

Ошондой эле бул сыяктуу булактардан келген анкеталарды эч убакта толтурбаңыз жана билдирүүнү башкаларга таратпай эле коюңуз.

Эгер мүмкүнчүлүк болсо, мындай билдирүүлөрдү «спам» деп белгилеп, «арыздануу» баскычын бассаңыз болот — канча көп арыздануу болсо, фейк билдирүүлөр ошончолук азаят.