Ошто бир судьядан пневмония жана сот аппаратынын төрт кызматкеринен Covid-19 аныкталды

Ош шаардык сотунун имараты

11-июлда Ош шаардык сотунун судьяларынын биринен бир тараптуу пневмония жана төрт аппарат кызматкерлеринен коронавирус аныкталды. Мындан улам аппараттын 30 кызматкеринен Covid-19га анализ алынып, жыйынтыгы күтүлүүдө.

«Ооруга чалдыккан кызматкерлердин баары тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат, ал эми башка райондордо ооруган кызматкерлер катталган эмес», — дейт Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

Осмонкуловдун айтымында, жалпы Ош облустук сотунун бир судьясы, Ош шаардык сотунун эки судьясы жана алты кызматкери коронавируска чалдыккан.

7-июлдан тарта облустук жана шаардык соттун имараттарына жарандардын кирүүсүнө чектөөлөр киргизилип, ал эми соттук отурумга катышуучу тараптар кызматкерлердин текшерилүүсү менен киргизилип жаткандыгы айтылган.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 11 117ге жетти. Анын ичинен 1054ү Ош шаарында, ал эми 693ү Ош облусунда катталды. Коронавурус жуктуруп алып каза болгондордун саны 147ге жетти, ал эми пневмониядан март айынан бери 452 киши көз жумду.

Пневмония менен каза болгондордун статистикасы коронавирус жуктуруп алып каза болгондордун статистикасына кошулбай келет. Муну Саламаттык сактоо министрлиги пневмонияга чалдыккандардан COVID-19 аныкталбагандыгы менен түшүндүрүп келет.

Бирок өкмөт башчысы Кубатбек Боронов жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандын негизинде ооруп жатканын айткан. Бул билдирүүдөн кийин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова пневмония менен коронавирустун статистикасын бириктирүү маселеси каралып жаткандыгын билдирген.