Пневмония эки прокурордун өмүрүн кыйды. Бирөөсү Кой-Таш окуясы боюнча иштеп жаткан

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 13-июлда 48 жана 50 жаштагы эки кызматкери кайтыш болгонун кабарлады. Прокурорлордүн өмүрүн пневмония кыйган.

«Тилекке каршы кызматкерлерибиз Эрмек Төрөкулов жана Рустам Кожобеков пневмониядан кайтыш болушту. Башкы прокуратура алардын үй-бүлөсүнө көңүл айтат. Кызматкердин экөөсү тең адискөйлүктүн үлгүсү болуп, бир нече жолу сыйлыкка татышкан», — деп кабарлашты ведомстводон.

Башкы прокуратурадан Эрмек Төрөкулов Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору болгонун билдиришти. Ал 1996-жылдан бери прокуратура органдарында иштеп келе жаткан.

Рустам Кожобеков Башкы прокуратураныни изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору болгон. 2005-жылдан тарта прокуратурда ар кандай кызматтарды аркалап иштеген. Ошондой эле ал Кой-Таш окуясы боюнча ишти жүргүзүп аткан прокурорлордун бири болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарды коронавирус жана пневмония менен ооругандар деп эки башка статистикага бөлүп эсептегенин улантууда. Ал учурда врачтар учурда катталып аткан вирустук пневмонияны COVID-19дун оор өткөн формасы деп айтышууда. Ведомство бириктирилген статистика жүргүзүүнү убада кылганы менен азырынча аны аткарып баштай элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирус жуктуруунун 11 117 учуру катталды. Алардын ичинен COVID-19дан 3 460 бейтап айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери коронавирусу тастыкталган 147 бейтап каза тапты.

Март айынан бери республика боюнча пневмониядан 452 адам көз жумду.