Бишкектин мэри эмне үчүн стационарда эс-учун жоготкон кыз кабыл алынбаганын түшүндүрдү

«Сейчас KG» телеграм каналында эс-учун жоготкон кызды «Консул» ресторанындагы түнкү стационарга көтөрүп келишкени тартылган видео жарыяланды. Бирок стационардын кире беришинде кызды көтөрүп келген баланы эч ким тосуп албагандыктан, алар ал жактан кайра кетүүгө аргасыз болушкан.

Кийинчерээк мэриянын ресторандагы стационар ишин баштады деген твитердеги билдирүүсүнө жооп катары ал жакта бейтап кыз кабыл алынбаганы тартылган видеону жөнөтүшкөн. Буга мэриядан стационарлардын ачылаары алдында мындай жагдайлар болуп турат деп жооп узатышкан.

Мэриянын маалыматына ылайык, кечки стационарлар 21:00дө ачылып, эртең мененки саат 9га чейин иштешет. Жаңы стационарлар 7-кичи райондогу «ДСК» спорткомплексинин жана «Консул» ресторанынын базасында ачылган. «ДСК» стационары 120, ал эми «Консул» рестораны 100 койка орундукка ылайыкталган.

Бишкектин мэри Азиз Суракматов 24.kg маалымат агенттигине комментарий берип, бул адамдык фактор болгонун, анткени бардык медиктер алынын барынча иштеп жатканын айткан.

«Алар тамактанып же уктаганга да үлгүрүшпөйт. Сураныч, мекендештерди алдыңкы катарда иштеп аткандарга түшүнүү менен мамиле жасоону суранам. Албетте, бул жерде медперсонал бейтапты кабыл алгысы келбей койду деген сөз болгон жок. Ал деле чарчап, бутунда араң турат. Жөн гана адамдык фактор, башкача болушу мүмкүн эмес», — деди мэр.

Биринчи май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Аида Рысбаева кызды стационарга саат 20:30да алып келишкенин, ал эми стационардын иши саат 21де башталаарын «Клоопко» билдирди. Ошондуктан стационарда медиктер жок болгон — алар саат 20:50дө келип, ишке киришишкен.

Суракматов бейтап кыз учурда врачтардын кароо алдында ооруканада десе, Рысбаева кызды кай жакка алып кетишкенин билбейт. Саламаттык сактоо министрлигинен кыздын абалы тууралуу маалымат алууга жасаган аракетибизден майнап чыккан жок.

15-июлга карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жалпы саны 11 977ге жетти. Стационарларда 645 бейтап дарыланууда жатат. 3 660 бейтап айыгып чыкты. Пандемия башталган күндөн бери коронавирустан 160 адам дүйнө салды.

Март айынан бери республика боюнча ооруканадан тышкары пневмониядан 571 адам каза болду.