Республикалык штаб 15-июлга карата коронавирус жуктуруп ооруканада дарыланган дагы 91 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде алты медкызматкер бар.

Айыккандардын дээрлик жарымы — 41 бейтап — Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле Чүй облусунда — 19, Нарын облусунда — 11, Ош облусунда алты, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда бештен, Ысык-Көл облусунда эки, Талас жана Баткен облустарында бирден бейтап ооруканалардан чыгарылган.

Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасында бир сутка ичинде 228 адам айыкты. Жалпысынан үй карантинде жатып айыккан бейтаптардын саны 1654ү түздү.

Ал эми Кыргызстан боюнча COVID-19дан айыккандардын саны 5314кө жетти — бул жалпы оорулуулардын 44 пайызын түзөт. Коронавирустан сакайгандардын арасында 576 медкызматкер бар.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 11 977ге жетти. Коронавирус жалпысынан 160 кишинин өмүрүн алды.