Сутка ичинде COVID-19 жуктуруунун 1 264 жаңы учуру катталды. Жалпысы — 25 047

Республикалык штаб коронавирус дагы 1 264 бейтапта аныкталганын кабарлады. Бул меджардам сурап кайрылып каттоого алынган бейтаптардын гана саны. Адамдардын көбү врачтарга кайрылбай үйлөрүндө өз алдынча дарыланып жатышат.

Вирус жуктургандардын көбү Бишкек шаарында — 506 адам. Облустардын дагы бир катарында жуктургандар көп, бирок борбор калаага караганда төрт-беш эсеге аз.

Атап айтканда, Чүй облусунда 181, Ош облусунда 138, Жалал-Абад облусунда 113 жана Ысык-Көл облусунда 100 жаңы жуктуруу учурлары катталды.

Башка облустарда инфекцияга чалдыгуунун жаңы учурлары ондоп саналат — Таласта 88, Ошто 61, Баткенде 48 жана Нарында 29.

Жаңы жуктургандардын арасында медиктер да бар. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы бириктиргени менен медкызматкерлерге карата маалыматты эски форматта эсептөөнү улантып жатат. Тагыраагы, коронавируска тапшырган тести оң жыйынтык көрсөткөндөрдү гана эсептөөдө.

Ушундай болсо дагы вирус жугузуп алган медиктердин саны көп — 70 адам. Алардын ичинен 25 медик Бишкекте, 19 Чүй облусунда, 18 Ошто, бешөө Жалал-Абад облусунда, экөө Талас облусунда жана бирөө Ош облусунда катталган.

Ооруга чалдыккандар көп, медиктердин арасындагы пневмония жана коронавирус боюнча статистиканы бириктиришмейинче, бул медкызматкерлердин арасындагы жуктуруулардын реалдуу саны болуп эсептелбей кала берет. Мурдараак депутат Дастан Бекешев статистиканы көптөгөн медиктерге кенемте төлөөгө туура келип калышы мүмкүндүгүнөн улам бириктирбей жатышат деген пикирин айткан.

Пандемия башталгандан бери, тагыраагы март айынан тарта өлкө боюнча фирус жуктургандардын саны 25 000ден ашты. Тагыраагы 25 047 адам, алардын ичинен 858 адам каза тапты.

Ооруканаларда 4 345 адам жатат, алардын ичинен 1 402 бейтап оор абалда, 70 адам реанимацияда.