COVID-19га чалдыгып каза болгондордун саны 1000 кишиден ашты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Республикалык штаб 19-июлда акыркы суткада коронавирус жуктурган жана COVID-19 пайда кылган пневмониядан 70 киши каза болгонун маалымдады.

Бишек шаарында — 35, Чүй облусунда — 7, Ош шаарында — 2, Ош облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 4, Талас облусунда — 4, Нарында — 1 бейтап көз жумду.

Ошондой эле штаб коронавирус менен ооруканадан тышкаркы пневмониянын статистикасы бириктирилгенден кийин өлкөдө COVID-19га жалпысынан 26 532 адам чалдыкканын кабарлады.

Ал эми аталган илдеттен канча киши айыкканы боюнча жана канча бейтап ооруканада дарыланып жатканы боюнча азырынча маалымат бериле элек.

Буга чейин коронавирус менен пневмонияга чалдыккандардын саны ар башка эсептелип келген. Анткени өпкө илдетине кабылгандардын коронавируска тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтүп жаткан.

Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги аталган пневмонияны коронавирус шарттап жатканын моюндап, статистиканы бириктирүү чечимин кабыл алды.