Экс-премьер-министр Николай Танаев дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаевдин өлүмү тууралуу анын жакындарына таянып «Акипресс» басылмасы билдирди. Министрлер кабинетинин экс-башчысы 74 жашта болгон.

Танаев 2002-2005-жылдары премьерлик кызматты ээлеп, президент Аскар Акаев бийликтен ажыраган күнү — 24-мартта отставкага кеткен. Аткаминер Пензага көчүп барган — ал Пенза облусунда туулган. Кийинчерээк Санк-Петербургда жашап, «Газпромдо» иштеген.

2005-жылы бийлик алмашкандан кийин Танаевге карата бир катар кылмыш иштери козголгон, ал эми 2016-жылы ал Кыргызстанда издөөгө жарыяланган.

Ошол убакта Кыргызстандын президенти болуп турган Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен «Кумтөр» долбоору боюнча келишим түзүүдөгү коррупция тууралуу иш боюнча иликтөө жандандырылган.

Ушул эле иш боюнча Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев дагы издөөгө берилген. Айдар Акаев Рублёвкада турган, ал 2020-жылдын 5-февралында жүрөгү кармап көз жумган.