Окумуштуу жана адабиятчы Абдыкадыр Садыков жарык дүйнө менен кош айтышты

Адабиятчы Абдыкадыр Садыков 87 жаш курагында дүйнө салды. Ал кыргыз адабият таануу тармагындагы ата мекендик илимий мектептин негиздөөчүсү болгон.

«Садыков улуу педагог, илимпоз жана коомдук ишмер катары замандаштарынын эсинде калды. Анын басып өткөн өмүр жолу кесипкөйлүктүн жана чыгармачылыктын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот деп ишенебиз», — деп айтылат некролог тууралуу президенттин сайтында.

Садыков Нарын облусунун Ата-Башы районундагы Кара-Суу айылында 1933-жылдын 25-октябрында туулган. Педагогика университетин аяктап, өзүн илимге арнаган. Ал студенттерге сабак берип, аны менен кошо кыргыз тилин жана адабиятын окууну уланта берген.

1962-жылы улук илимий кызматкер болуп, 1980-жылы Тил жана адабият институтунун директорлугуна дайындалган. Профессор наамын алып, илимдин эмгек сиңирген ишмери болуп таанылган.

Садыков Кыргызстандагы адабий сынчылдыктын да өнүгүшүнө чоң салым кошкон — ал «Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгындагы жаңычылдык жана салттар» атту монографиясынын жана көптөгөн башка эмгектердин автору. Мындан тышкары, ал кыргыз адабият тарыхынын негизги авторлорунун бири, ал төрт томдук «Манастын» редколлегиясынын мүчөсү.

Жалпысынан Садыковдун 400дөн ашуун илимий иштери бар. Ал Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгынан тышкары, Түгөлбай Сыдыкбеков, Сүйүнбай Эралиев, Чыңгыз Айтматов, Мар Байжиев, Токтоболот Абдумомунов, Жоомарт Бөкөнбаев, казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун эмгектери тууралуу жазган.