Иттин эти же майынан жасалган тамак-аш коронавирустан айыктырабы? Түшүндүрөбүз

Эмне болду?

«Sputnik Кыргызстан» басылмасы 16-июлда Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов менен курган маегин жарыялады. Анда ал жумушу жана коронавирус инфекциясынан дарылануу тууралуу айтып берген.

Көптөгөн башка сунуштамалардын катарында Марипов адамдар иммунитетти бекемдөө үчүн элдик каражаттарды колдоно башташканын белгилеген — мисалы, иттин этинен жасалган шорпо ичүү.

«Кашкулактын, чочконун же иттин майы илгертен бери пайдалуу деп эсептелет, бирок бул жерде бейтаптын ден соолугунун абалына көңүл буруу керек. Эгер бул кээ бирине жардам берсе, гипертония же ашказаны оруугандарга бул кыйын эле болот. Ошондуктан дайыма врачтан кеңеш алыш керек», — деген врач.

Ал иттин этинен жасалган шорпо коронавирустан айыгууга жардам берет деп айтпаганы менен анын комментарийи соцтармактарда бул тамактын пайдасы бар деген тастыктама катары жайыла баштаган.

Мындан тышкары, Бишкектин айрым кафелери иттен жасалган «Кя» корей шорпосун «жагдайдын талабы» катары жарнамалай башташкан.

Кийинчерээк соцтармактардын колдонуучулары жарнама сайттарында иттерди кабыл алуу тууралуу билдирүүлөр пайда болгонуна көңүл бурушкан.

Эмне үчүн иттен жасалган тамак жардам бербейт?

Иттин майы жана эти ар кандай респиратордук, өпкө, анын ичинде вирустук жана бактериалдык, кургак учук жана сасык тумоо ооруларына каршы иммунитетти чыңдаган же башка да атайын дарылык касиетке ээ болуп эсептелбейт.

Орусиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Гриднёв иттин майынын пайдасы тууралуу суроого аны тамактануу продуктусу катары пайдаланса болоорун, бирок дары катары колдонууга болбойт деп жооп берген.

«Коронавирус болгондо зыян тийгизип да коюшу мүмкүн, анткени холестеринди, кандын башка компоненттерин жогорулатып коёт. Майлуу продукциялар кандын коюуланышына таасир этет», — деп түшүндүргөн Гриднёв.

2014-жылы Алмата облусунун кургак учукка каршы диспансеринин врачы Нурбол Турсунбеков иттин майы менен кургак учук жана сасык тумоону дарыласа болобу же жокпу деген суроого аны колдонуу зыяндуу сарык оорусуна алып келиши мүмкүн деп жооп берген.

Иттин майын колдонуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) да сунуштамаларына каршы келет. Ага ылайык, майды пайдалануунун жалпы пайызы жалпы керектелген энергиянын 30% ашпашы керек. Каныккан майлар жалпы керектелген энергиянын 10%, ал эми трансмайлар 1% ашпашы керек.