Ош шаарына Москвадан 15 медицина кызматкери келди

Ош шаарына Орусиянын Москва шаарынан келген 15 медицина кызматкери 21-июлдан тарта ишке киришет. Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, медиктердин айрымдары «Андрос» медициналык борборунда иш алып барышат.

«Алардын арасында мобилдик топто иштей тургандары да бар. Медиктердин убактылуу турак жайын “Исмаил Матраимов” фонду камсыз кылып жатат. Бүгүн эс алып, эртеңден ишке чыгышат», — деди Абсаттаров.

Кыргызстандык медиктер мындан эки мурун коронавирус жана пневмония менен күрөшүү үчүн мекенине өз ыктыярлары менен келишкен. Анткени өлкөдө медицина кызматкерлери жетишсиз болууда.

Ош шаарындагы «Андрос» медициналык борбору 8-июлдан тарта коронавируска чалдыккан орто жана оор абалдагы бейтаптарды кабыл ала баштаган. Анда 35 орун каралган. Аталган борбордогу дарыгерлердин маянасын жана тамак-ашын Кыргызстандагы таасирдүү үй-бүлөгө таандык «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду каржылап жатат.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген.

Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн. Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Матраимов» фондуна которушкан.