ЖОЖго тапшыруу үчүн онлайн-платформа түзүлдү. Ал кандай иштейт?

Эмне болгон платформа?

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн университеттерине тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн атайын онлайн-платформаны ишке киргизди.

«Абитуриент Online» платформасы 20-июлдан тарта иштеп баштады. Эми абитуриенттер ЖОЖдорго барбастан эле аралыктан туруп окууга тапшыра алышат. Кыргызстанды абитуриенттер үчүн мындай платформа биринчи жолу иштелип чыкты.

Ведомстводон платформа коронавирус пандемиясынан улам ишке киргизилгенин белгилешти. Пандемиянын айынан жазында өлкөнүн бардык билим берүү мекемелери аралыктан окуу (онлайн) форматына өткөрүлгөн.

Окууга тапшыруу үчүн билдирмеи кантип тапшырса болот?

Билим берүү министрлигинин сайтында көрсөтүлгөндөй, арыз тапшыруу үчүн абитуриенттер «Абитуриент Online» системасында катталып, ЖРТ сертификатынын жардамы менен системага кирип, кызыктырган ЖОЖго арыз калтырса болот.

«Абитуриент Online» онлайн-платформасынан алынган видео нускама

Ведомстводон билдиришкендей, ЖОЖдорго тапшыруунун жаңы системасы COVID-19 пандемиясынын шартында абитуриенттердин коопсуздугун камсыздап берет.

«Онлайн-режимде окууга алуу бардык арыз тапшыруучулар үчүн бирдей шарттарды түзүп, адамдык факторду жоюунун эсебинен улам бейтараптыкты камсыздап берет жана талондорду, ЖРТ сертификаттарын эсептөөнү, ЖОЖдорго тапшыруунун рейтингин түзүүнү жана таркатма катты толугу менен автоматташтырат», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Билим берүү министрлиги Кыргызстандын ЖОЖдоруна тапшыруу боюнча кампания үч турдан тураарын июнь айынынбашында эле кабарлаган болчу:

  • 1-тур – 20-22-июль, саат 14:00гө чейин – конкурска катышуу үчүн арыз тапшыруу;
  • 2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин — конкурска катышуу үчүн арыз тапшыруу;
  • 3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин — конкурска катышуу үчүн арыз тапшыруу.

Платформада дагы эмне бар?

Платформада абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине чечим кабыл алууда жардам бере турган бир нече бөлүм бар:

  • ЖОЖдор тууралуу маалымат — сайтта студенттерди жаңы окуу жылына кабыл алып жаткан 64 университет жана институт көрсөтүлгөн;
  • факультеттер жана багыттар тууралуу маалымат — платформанын «Статистика» бөлүмүндө абитуриент тапшыра ала турган багыттар, ошондой эле келе жаткан окуу жылы үчүн орундардын саны, тапшыруу үчүн ЖРТнын минималдуу баллдары жана окуунун баасы тууралуу маалыматтарды алса болот;
  • көп берилген суроолорго жооптор.

Мындан тышкары, абитуриенттер үчүн 1919 тынымсыз байланыш номери ачылды. Маселе жаралган учурда ушул номерге чалып кайрылса болот.

ЖРТга катталуу 15-майда аяктаган. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча андан 41 727 абитуриент өткөн.