Бишкек мэриясы: Пандемия учурунда мектеп жана бала бакчалардын 12 кызматкери дүйнө салды

Бишкек мэриясы шаардык мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 12 кызматкери кайтыш болгонун билдирди. Алардын бардыгы пневмония жана коронавирус инфекциясынан көз жумган.

«Биз үчүн бул орду толгус жоготуу...Бишкек шаарынын мэриясы, Билим берүү башкармалыгы үйбүлөлөрүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун!» — деп жазат муниципалитет.

Каза тапкандардын тизмеси:

  • №78 мектеп гимназиясынын директору Музаева Эльнура Турдукуловна;
  • № 148 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Токтосунова Жамиля Ишенбековна;
  • №55 орто мектебинин чарба иштери боюнча директордун орун басары Казаков Камбар;
  • №61 Автордук окуу-тарбия комплексинин мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими Нефедова Ирина Юрьевна;
  • №69 окуу-тарбиялык комплекси мектеп гимназиясынын орус тил жана адабият мугалими Мусаева Айнура Мусаевна;
  • №64 мектеп гимназиясынын физика мугалими Калдымолдоева Укен Жолдошевна;
  • №9 мектеп гимназиясынын биология жана химия мугалими Токтосунова Айзирек;
  • №13 мектеп гимназиясынын кыргыз тил жана адабият мугалими Осмонгазиева Айдай Монолдоровна;
  • №118 бала бакчанын тарбиячысы Петрова Ирина Дмитриевна;
  • №10 бала бакчанын кызматчысы Төлөгөнова Тынатин,
  • №10 бала бакчанын кызматчысы Ашырова Айзада Тентиевна,
  • №164 бала бакчанын кароолчусу Карыбаев Атабек Мамашевич.

Кыргызстанда COVID-19 же ооруканадан тышкары пневмония жуктуруунун 29 359 учуру тууралуу белгилүү. Алардын ичинен 1 123 адамдын өмүрү кыйылды.