Коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 478ге жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Коомдук саламаттык сатоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 22-июлга карата дагы 44 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталганын кабарлады.

Илдетке чалдыккан эң көп медкызматкер Бишкек жана Ош шаарларында катталды — 12 жана 9. Ошондой эле, Чүй облусунан он, Баткен облусунан алты, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан төрттөн медкызматкерде коронавирус аныкталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны — 2 478. Өткөн суткада ооруканалардан айыгып чыккан 23 медикти кошкондо өлкөдө коронавирусту жеңген медкызматкерлердин саны 1 091ге жетти.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке гана компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле, COVID-19 менен күрөшкөн ондогон медкызматкер каза болгон, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын баарын тизмеге кошкон жок. Учурда расмий түрдө коронавирустан каза болгон медиктердин саны жарыялана элек.

Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.