Орусиядан Кыргызстанга аскер врачтары келди

Кыргызстандын башкы штабы 22-июлда Орусиядан коронавируска каршы күрөштө жардам берүүгө Орусиянын Коргоо министрлигинин аскер врачтары келгенин кабарлады. Алар COVID-19га чалдыккандарды дарылоодо иш тажрыйбасы бар эпидемиолог жана инфекциячылар.

Алар келген атайын борт ЖККУнун Канттагы аскер базасынын аэродромуна келип конду.120 адис өпкөгө жасалма дем берүү аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметрлерди жана башка жабдууларды ала келишти. Мындан тышкары, коронавирус же ооруканадан тышкары пневмонияны дарылоо үчүн препараттар да келген.

«20 адамдан турган алты врач-эмчи бригада кыргыз аскер врачтары менен биргеликте эки аскер госпиталынын базасында аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана ардагерлерге иш жүзүндө жана консультавдик жардам көрсөтүшөт. Төрт бригада Бишкекте, экөөсү Ош шаарында иш алып барат», — деп түшүндүрүштү Башкы штабдан.

Буга чейин өлкөгө чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык медиктер кайтып келишкен. Алар мекенине коронавируска каршы күрөштө жардам берүү үчүн өз ыктыярлары менен келишкен. Өлкөдө апаатка каршы күрөшүү үчүн медкызматкерлер кыйла жетишпей турган учур, ошол эле маалда алардын ичинен 1000ден ашууну коронавирус жуктуруп алды.

10-июлда Кыргызстанга Новосибирсктен чартер каттамы менен врачтар жана медайымдар келген. Ага чейин Москва жана Екатеринбургдан да врачтардын тобу келген.Мындан тышкары, 12-июлда да чартер каттамы менен Москвадан 45 медик келген. Мындан кийин аларды эч ким тосуп албаганы айтылып чуу чыгып, жыйынтыгында ыктыярчы врачтарды курулуш компаниясынын жетекчилиги тосуп алганы аныкталган. Аларга билетти аталган курулуш компаниясы алып берүүгө көмөктөшкөн.