Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 30 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 23-июлга карата коронавирустун жаңы 967 учуру катталганын кабарлашты — алардын 238инде COVID-19 лабораториялык тастыкталган.

Лабораториялык тастыкталган жаңы учурлардын 56сы Ош облусунда катталды. Ошондой эле, Бишкек шаарында — 50, Чүй облусунда — 46, Баткен облусунда — 31, Ысык-Көл облусунда — 26, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда 23төн, Талас облусунда төрт жана Нарын облусунда эки кишиде коронавирус лабораториялык аныкталды.

Коронавирустун калган 729 учуру клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган — алардын 152си Бишкек шаарында аныкталды. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда — 134, Ысык-Кол облусунда — 112, Ош облусунда — 103, Ош шаарында — 77, Чүй облусунда — 48, Нарын облусунда — 39, Талас жана Баткен облустарында 32ден учур.

*Коронавирус клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган учурда бейтаптын COVID-19га тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтөт. Бирок буга карабастан адамда коронавирустун белгилери байкалып, ал ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгат. Өкмөт 17-июлдан тарта коронавирус жана пневмониянын статистикаларын бирге жүргүзүүдө.

Мындан сырткары илдеттен өткөн суткада 1031 бейтап айыгып, 46 киши каза болду.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 30 126га жетти. Бул статистикага коронавирус жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандар кирет.

Ал эми жалпысынан Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 16 791и айыгып, 1169 киши көз жумду. Учурда ооруканаларда 13 201 бейтап дарыланып жатат.