Компьюдердик оюндарга берилген баланы атасы интернатка тапшырды

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош ШИИБи калаада тилемчилик кылып жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо үчүн 22-июлда рейд жүргүзүп, анын натыйжасында милицияга эки жашы жете элек бала жеткирилген.

Кармалган балдардын бири социалдык коргоо кызматкерлери тарабынан «Боорукердик» үй-интернатына өткөрүлүп берилди. Ал эми экинчи баланын ата-энеси бар экендиги аныкталды. Тилемчилик жасаган 10 жаштагы өспүрүм Нариман айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Маале айылында жашай турганы белгилүү болду.

Анын атасы Адылжан Абдуллаев «Турмуш» басылмасына үй-бүлөсү жакшы шартта жашаганын жана өспүрүм анын жалгыз баласы экенин билдирди. Абдуллаевдин айтымында, уулу тапкан акчаны компьютердик клубдарга сарптайт.

«Ал 3 жашынан бери көчөдө тилемчилик кылып акча таап, акчасын компьютердик клубдарга сарптап келген. Компьютердик оюндарга азгырылып кеткен. Менин сөзүмдү укпайт, үйдөн компьютердик клуб үчүн акча уурдап кеткен күндөрү көп эле болгон. Оюн деп үйгө деле түнөбөгөн күндөрү көп болду. Балдар үйүнө өткөрүп берүүгө макулмун. Эки күндөн бери үйгө келбей жаткан», — деди Абдуллаев.

Мыйзам боюнча «эгерде сот баланын ата-энеси ойдогудай тарбияла албай жана өстүрө албай турганын аныктаса, ал балдар коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көзөмөлүнө өткөрүлөт». Ал эми багаар кишиси жок калган өспүрүмдүн ата-энеси өзүнүн баласына алимент төлөөгө милдеттүү болуп калат.