Өткөн суткада коронавирус жуктурган 1 247 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 24-июлда коронавирустан 1 247 бейтап айыкканын кабарлады.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 497. Ошондой эле, илдеттен Чүй облусунда — 164, Ысык-Көл облусунда — 153, Ош шаарында — 123, Ош облусунда — 116, Жалал-Абад облусунда — 93, Нарын облусунда — 45, Баткен облусунда — 22 жана Талас облусунда — 4 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 18 038 бейтап айыкты — алардын ичинде 1234 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 31 247ге жетти. Учурда ооруканаларда 12 385 бейтап калууда.