Коронавирус жуктуруп алгандар 32 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 26-июлга карата коронавирустун жаңы 689 учуру катталганын кабарлашты.

Бишкек шаарында — 190;

Жалал-Абад облусунда — 129;

Чүй облусунда — 89;

Ош шаарында — 74;

Ош облусунда — 58;

Ысык-Көл облусунда — 55;

Талас облусунда — 40;

Баткен облусунда — 30;

Нарын облусунда — 24 кишиде коронавирус аныкталды.

Мындан сырткары илдеттен өткөн суткада 1 185 бейтап айыгып, 28 киши каза болду.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 32 813кө жетти. Бул статистикага коронавирус жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандар кирет.

Ал эми жалпысынан Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 20 388и айыгып, 1 277 киши көз жумду.