Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык, Балбак Түлөбаев 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ал эми Ысык-Көл облусун буга чейинки башчысы Акылбек Осмоналиев өкмөттүк аппараттын башчысынын биринчи орун басары кызматына которулду.

Балбак Түлөбаев 2018-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын башчысы болуп эмгектенип келген. Ага чейин «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунун башкы директорлугун аркалаган. Ошол эле маалда «АЮ Холдинг» көп тармактуу компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана вице-президенти болуп эмгектенген.

Ал 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Түлөбаев Бишкектеги Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтунун ветеринар факультетин аяктаган. Андан кийин 1992-1997-жылдары Түркиянын Стамбул университетинин токой-чарба факультетинен токой-чарбасы инженери адистиги боюнча билип алган.

Ошондой эле, 2001-жылы Скрябин атындагы кыргыз аградык университетинин Инженер-эколог адистигин бүтүргөн. Ал эми 2009-жылы КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынан менеджмент багыты боюнча билимин тереңдеткен.