Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурган 24 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 27-июлда билдирди.

Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда алтыдан, Ысык-Көл облусунда төрт жана Талас облусунда үч бейтап каза болду. Ошондой эле илдет Ош шаарында, Чүй, Баткен жана Ош облустарында бирден кишинин өмүрүн алды.

Ушуну менен коронавирусту жугуп 1301 бейтап каза болду.