Бишкектин вице-мэрлигине Виктория Мозгачёва, аппарат башчылык кызматына Адилет Малдыбаев келди

Виктория Мозгачёва, Азамат Дороев жана Адилет Малдыбаев

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Татьяна Кузнецова калаанын вице-мэрлик кызматынан бошотулганын билдирди. Кузнецова бул кызматка 2019-жылдын февралында келген.

Анын ордуна Виктория Мозгачёва дайындалды. Ал мурда «Бишкек жылуулук энерго» муниципалдык ишканасынын директорлук кызматында иштеп келген.

«Виктория Андреевна билими боюнча инженер-программист. Өз учурунда бул калаанын саламаттык сактоо системасы менен социалдык тармагын санарип трансформациялоого коюлган басымды күчөтүүгө мүмкүндүк түзөт», — деп кабарлашты мэриядан.

Мындан тышкары, мэриядан Октябрь районунун жаңы акими болуп Азамат Дороев дайындалганын кабарлашты. Ал буга чейин райондук администрациянын жетекчиси болуп иштеген.

Ал эми буга чейин Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеп келген Балбак Түлөбаевдин ордуна Адилет Малдыбаев дайындалды. Малдыбаев буга чейин Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп эмгектенген. Түлөбаев 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.