Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунда жаңы ачылган машина куруу заводунда ИВЛ аппарат чыгаруу жолго коюлганын маалымат жыйында билдирди. Ал мындай көрүнүшкө өткөн жумада облуска болгон иш-сапары учурунда күбө болгон.

Боронов Кыргызстанда чыгарылган жасалма дем алдыруучу аппарат сыноодон ийгиликтүү өтсө, ички муктаждыкты камсыздоо үчүн жергиликтүү жабдыктар сатып алынарын белгиледи.

Өкмөт башчы андан сырткары учурда Кыргызстанда бардыгы болуп 508 ИВЛ аппараты бар экенин айтып, эл аралык демөөрчүлөрдүн жана кайдыгер карабаган жарандар тарабынан дагы колдоо болуп жатканына токтолду.

Адистердин айтымында, коронавирус пайда кылган пневмония өпкөнү жабыркаткандыктан, бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн аны өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтыруу кажет.

Жыл башында Ош мэриясы «Кыргыз унаа курулуш» заводу жакын арада ачылаарын жарыялаган — бул Кыргызстандагы биринчи электроунаа чыгаруучу завод болот. Аталган заводдо электроунаалардан сырткары генераторлордун түрлөрү жана заманбап электр жөндөгүчтөрдү чыгаруу пландаштырылып жатат. Ишкана 3 гектар жерде жайгашкан, ал эми өндүрүш 16 миң чарчы метр жерде ишке ашырылат.

28-июлга карата Кыргызстанда коронавирустан бардыгы болуп 1329 бейтап каза болду. Андан сырткары илдет 33 844 кишиге жугуп, анын 22 296сы оорудан сакайды.