Орусияда 10 жыл издөөдө жүргөн кыргызстандык аял кармалды

Сүрөт: Ички иштер министрлиги

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык аялды кармады. Бул тууралуу 28-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган 50 жаштагы аял он жыл мурун «ири көлөмдө жасалган алдамчылык» боюнча Баткен шаардык ИИБ тарабынан издөөгө берилген. Ал бул убакыт аралыгында Орусиянын аймагында изин жашырып жүргөн.

Шектүү кылмыш жоопкерчилигине тартылуу үчүн «Москва — Бишкек» каттамы менен Кыргызстанга кайтарылат.