Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Кыргызстандын ар бир аймагында 100 орундан кем болбогон инфекциялык ооруканалар ачыла турганын маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бош турган, же колдонулбай калган имараттар инфекциялык ооруканаларга ылайыкталып 1,5 айдын ичинде оңдоодон өтөт.

«Жаңы ооруканаларды салуу иштери башталды, алар аймактарда имараттардын багыттары өзгөртүлүп, саламаттыкты сактоо мекемелерине ылайыкташтырыла баштады. Бул иштерге болгон күч-аракеттер жумшалат. 2020-жылдын такталган бюджетинде буларды оңдоп-түздөө үчүн 14 млн сом каралган», — деди Боронов.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында ооруканага ылайыкташтырыла турган имараттын оңдоо иштери башталды. Ал жер 200дөн ашык кишини кабыл алат.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ленин айыл аймагында №36 адистештирилген лицейдин 5 кабаттуу имараты 304 орундуу ооруканага ылайыкташтырылып оңдолууда. Ага 11,4 млн сом жумшалды. Оңдоп-түзөө иштери сентябрь айында аяктайт.

Баткен облусунун Баткен шаарында эски поликлиниканын имараты 90 койкалуу ооруканага ылайыкташтырылат.

Чүй облусунда Дмитриевка айылында жатак мектептин имараты 100 орундуу ооруканага даярдалат.

Нарында 120 орундуу оорукана үчүн Куралдуу күчтөргө таандык №93 546 аскердик бөлүктүн имараты даярдалып жатат.

Талас облусунун Талас райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты 192 койкага ылайыкталган ооруканага айланат.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облустук оорукананын башкы имараты 150 койкалуу ооруканага ылайыкташтырылып жатат.

Курулуш агенттиги республикадагы 49 ооруканада жогорку басымдагы кычкылтек берүү аппаратын орнотот. Боронов адистерге таянуу менен мындай аппараттар кычкылтек консентроторлоруна караганда натыйжалуу болорун белгиледи.

Ал эми аппарат орнотулган ооруканаларды кычкылтек менен Майлуу-Суудагы лампа заводу менен Ысык-Көлдөгү «Улан» аскерлештирилген борбору камсыздайт. Аларга иштерин күчтөндүрүү боюнча тапшырмалар берилди. Буга чейин кычкылтек Казакстан менен башка мамлекеттерден алынып келген.

Андан сырткары Бишкек менен Ош шаарында дагы 100 орунга ылайыкталган жаңы оорукана салынат. Бишкектеги оорукана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен салынат. Ош шаарындагы оорукана дагы жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында салынып, тургузулуучу конструкция колдонулат.

Аталган медициналык жай интенсивдүү терапиясы жана реанимациялык орундары менен болот. Ош мэриясынан билдиришкендей, жаңы оорукана сентябрь айында пайдаланууга берилүүгө тийиш.