Коронавирус дагы 20 медкызматкерден аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Өткөн суткада коронавирус дагы 20 медициналык кызматкерден аныкталды. Мындан сырткары, 75 медкызматкер оорудан айыкты — алардын 68и үй шартында дарыланган. Бул тууралуу республикалык штаб 29-июлда билдирди.

Илдет жуккан медиктердин эң көбү Чүй облусунда аныкталды — 10. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда алты, Ысык-Көл, Талас, Ош облустарында жана Ош шаарында бирден медик COVID-19га чалдыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2711ге жетти. Ал эми жалпысынан 1595 кызматкер илдеттен айыкты.

22-июлга карата расмий статистика боюнча коронавирустан 29 медкызматкер каза болду. Бирок коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгып, көз жумган медиктердин саны мындан да көп.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.