Кычкылтек концентраторун убада кылган жаран кармалды — ал акчаны алып качып жүргөн

ИИМдин басма сөз кызматы Бишкекте калаа тургунунан кычкылтек концентраторун сатып берем деп 300 доллар акчасын алып, андан кийин изин жашырып кеткен жаран кармалганын билдирди.

Бул факт КЖБРге «Алдамчылык» беренеси боюнча катталды. Аталган кылмышка шектеп Бишкек ШИИБнин кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Түп районунун 23 жаштагы тургунун кармашты.

Мындан тышкары, ИИМ кармалган жаран кычкылтек концентратору үчүн дагы беш адамдан акча алууга үлгүргөнүн аныктаган.

Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна жеткирилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда COVID-19у тастыкталган жана ооруканадан тышкары пневмония менен ооруган бейтаптардын саны өскөн. Алардын дем алуусу кыйындап, оорулуу адамдар кычкылтек концентраторлорун колдонууга муктаж болгон.

Жабдуу бейтапка жогорку концентрациядагы (болжол менен 90%) кычкылтек берип турат. Бизди курчап турган атмосферада абанын концентрациясы болжол менен 20%га барабар.

29-июлга карата өлкөдө коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгуунун 33 512 учуру катталды. Пандемия башталгандан бери 23 343 бейтап айыгып, 1 347 адам көз жумду.