Иллюстративдик сүрөт

Нарын районундагы Он-Арча айылынын тургундары 23-июлда митингге чыгышып, Тер-Суу жайлоосунда чачыранды алтынды чалгындоого уруксат алган «Гео Голден групп» компаниясына нааразычылыгын билдиришкен. Чогулгандардын айтымында, чалгындоо иштери башталса суугат сууга зыяндуу заттар түшөт.

«Зыян суу аркылуу көптөгөн айылдарга тийет. Андыктан ушул компаниянын лицензиясын жокко чыгарып берүүнү элдин [президентке кайрылып] атынан сурайбыз. Чалгындоо иштерине биз каршыбыз. Тер-Суу жайлоосуна келбесин», — деди митингге келгендердин бири.

Нааразычылык билдирип чыккандардан арасында жашы алтымышка таяп калган аял да бар. Ал дагы президентке кайрылып, шайланып жатканда элге берген антын эстөөгө чакырды.

«Тердиктей эле жер биздики, ошону сактап бериңиз. Өкмөттөн жыйынтык чыкпагандыктан эл журт кайрылып жатат. Ал жерден аккан суу сугат жерлерге түшөт. Урандын саркындылары келет», — деп кооптонду ал.

Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Автандил Молдосалиев 20-июлда өз каалоосу менен иштен кеткен. Айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Кайратбек Турсунов «Клоопко» билдиргендей, эл «жерди бербейбиз» деген талабынан кайтпай турушат.

«Айылдыктар жерди бербөө боюнча талабынан кайтышпайт. Анткени жайыт менен сууга зыян келет», — деди ал.

Нарын районунун акиминин милдетин аткаруучу Жанышбек Ибраймакун уулу «Клоопко» билдиргендей, компания лицензияны беш жыл мурун алган жана мөөнөтү быйыл сентябрда аяктайт. Анын айтымында, фирма былтыртадан тарта иштейбиз деп аракет кылып баштаган, бирок элдин каршылыгынан улам баштай албай турат.

«Тер-Суунун башына малчылар чыгат. Он-Арчанын малчылары ошол жайлоону жайлашат. Он-Арча суусунун башы дагы ошол жерден башталат», — деди ал.

Компания чалгындоо мыйзам талаасында жүргүзүлөт деп ишендирет

Ал эми «Гео Голден групп» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Фуркатжон Хусановдун мыйзамдуу өкүлү Зейнеп Абдиева «Клоопко» берген маегинде айыл элинин талабы мыйзамсыз экенин айтты. Ошондой эле, ал компания үч айыл өкмөтүнө — Он-Арча, Казан-Куйган жана Миң-Булакка акыркы эки жылда 800 миң сомдон ашык каражат бөлүп бергенин маалымдады.

«Компания эл айтып жаткандай 501 гектардын барына эмес, 3,5 гектар жерге гана чалгындоо жүргүзмөк. Элдин суу бузулат деген жүйөөсү дагы негизсиз. Анткени чалгындоо иштери таштак жерде жүргүзүлөт», — деди ал.

Ал ошол эле маалда, компания ишин баштай элек деп ишендирди. Абдиева андан сырткары чалгындоо иштеринде эч кандай химиялык заттар колдонулбай турганын, болгону механикалык жумуштар аткарыларын кошумчалады.

«Алгач жердин кыртышы гана лобароториялык изилдөөгө алынып, анын курамындагы алтындын үлүшү жана анын экономикалык пайдасы аныкталган соң аны иштетүү тууралуу сөз болушу мүмкүн», — деди ал.

Абдиева ишти баштоого тоскоолдуктар болуп жаткандыктан мурдагы айыл өкмөт башчысынын үстүнөн прокуратурага арыз жазганын кошумчалады.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтанда аталган компания менен лицензиялык келишим 2015-жылдын 15-сентябрында түзүлгөнү көрсөтүлгөн. Анда «Гео Голден групп» компаниясы чачыранды алтынды чалгындоого лицензия алган.

Ал эми юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо боюнча реестриндеги маалыматка ылайык компания 2019-жылы 29-апрелде кайрадан каттоодон өткөн.

Жанышбек Ибраймакун уулу чалгындоо иштери жүрө турган жер Кара-Булуң участкасында жайгашып, үч айылдын аймагын камтыган 501 гектар жерди ээлей турганын айтты. Алар Он-Арча айыл аймагы — 312,2 гектар, Казан-Куйган айыл аймагы — 93,3 га жана Миң-Булак айыл аймагы — 95 га.