COVID-19га чалдыккан медкызматкерлердин саны 2 768ге жетти

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 31-июлга карата бир суткада коронавирус дагы 25 медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлады.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ооруканаларда алтыдан медкызматкерде COVID-19 аныкталды. Ал эми Ош шаарында төрт, Бишкек шаарында эки жана Талас облусунда бир медик коронавирус жуктурганы белгилүү болду.

Ошондой эле, акыркы суткада 50 медик илдеттен сакайды — алардын 44ү үй карантинде дарыланган.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 768ге жетти. Ал эми жалпысынан 1 714 кызматкер илдеттен айыкты.

Мындан сырткары коронавирус жана пневмонияга чалдыккан ондогон медик каза болду — өкмөт 73 медкызматкер каза болгонун маалымдады.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.