Кыргыз өкмөтү «Төө ашуу» ашуусунда акы төлөнүүчү альтернативалык туннель курууну карап, чет элдик инвесторлорго сунуш берилет. Бул тууралуу

биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Бишкек - Ош жолундагы Төө-Ашууда туннель куруу боюнча инвестициялык демилге талкуулаган кеңешмеде айтты.

Анын айтымында, Бишкек - Ош жолу республиканын түндүк жана түштүк бөлүгүн байланыштырган негизги транспорттук каттам. Бул жолдун стратегиялык мааниси чоң.

«Ошондуктан оор жүк ташуу, коопсуздук, аба ырайынын катаал шартында каттамды бузулушун алдын ала турган альтернативдүү туннель куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду кароо жана талкуулоо чечими кабыл алынды», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Эми өкмөт бул жааттагы долбоорлорду жүзөгө ашырууда тажрыйбасы бар чет элдик инвесторлорго сунуш кылат. Инвестициялык келишимди түзүүдө өлкө жергиликтүү жана республикалык бюджеттеги кирешелердин үлүшүн аныктоо менен максималдуу пайда табуусу эске алынат.