Өлкөдө COVID-19 дагы 494 кишиде аныкталды — жалпы 36 299 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 1-августта коронавирустун жаңы 494 учуру катталганын кабарлады. Илдетке чалдыккандардын арасында 22 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 112;

Ош облусу — 95;

Ысык-Көл облусу — 94;

Ош шаары — 66;

Жалал-Абад облусу — 53;

Чүй облусу — 33;

Баткен облусу — 23;

Нарын облусу — 16;

Талас облусу — 2.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган жарандардын саны 36 299га жетти — бул статистикага ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар да кирет. Алардын арасында 2790 медициналык кызматкер бар.

Коронавиурсту жуктуруп алгандардын 25 891 айыгып, 1397 киши каза болду. Учурда 9 173 бейтап ооруканаларда калууда.

Бишкек шаарындагы ооруканаларда 3 518 бейтап дарыланууда. Ошондой эле Ош облусунда — 1 218, Чүй облусунда — 1 138, Ысык-Көл облусунда — 859, Жалал-Абад облусунда — 863, Ош шаарында — 627, Баткен облусунда — 490, Талас облусунда — 282 жана Нарын облусунда — 178 киши коронавирус менен күрөшүүдө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.