Кыргызстанда коронавирустун жаңы 420 учуру катталды — алардын 112си Бишкек шаарында.

Ош шаарындагы стационар. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Республикалык штабдан 2-августка карата коронавирустун жаңы 420 учуру катталганын кабарлашты — алардын арасында 19 медкызматкер бар.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 112 (1 медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 98 (8 медкызматкер);

Жалал-Абад облусу — 79 (1 медкызматкер);

Ош облусу — 55 (6 медкызматкер);

Баткен облусу — 21 (2 медкызматкер);

Ош шаары — 19 (1 медкызматкер);

Нарын облусу — 15;

Чүй облусу — 13;

Талас облусу — 8.

Мындан сырткары илдеттен өткөн суткада 848 бейтап айыгып, 12 киши каза болду.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 36 719га жетти — алардын арасында 2 809 медицина кызматкери бар. Бул статистикага коронавирус жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандар кирет.

Коронавируска чалдыккандар Бишкекте эң көп, борбор калаада 15 681 адамдан COVID-19 аныкталды. Чүй облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 4 803 учур. Ош облусунда — 3 237, Жалал-Абад облусунда — 3 177, Ош шаарында — 2 816, Ысык-Көл облусунда — 2 807, Баткен облусунда — 1 579, Нарын облусунда — 1 495 жана Талас облусунда — 1 124 адам илдетке чалдыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.