Бейтаптар азайгандыктан Бишкектеги күндүзгү эки стационар убактылуу жабылды

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бейтаптардын жоктугунан улам борбор калаадагы күндүзгү эки стацоинар убактылуу ишин токтотконун билдирди.

«Чыгымдарды оптимизациялоо жана адам ресурстарын күз-кыш мезгилине сактоо үчүн эң аз кайрылуу түшкөн айрым стационарлар концервацияланат. “Сейтек” мектебинин базасында иштеген күндүзгү дарылоо жайы жана “Салтанат” ресторанындагы (Октябрь району) түнкү стационар жабылды. “Жал” кичирайонундагы №95 мектептеги стационар 3-августта жабылат», — деп мэриядан түшүндүрүштү.

Мэриянын маалыматы боюнча, 1-августта күндүзгү стационарларга 1 176 жаран келген, ал эми 2-августка караган түнү жалпысынан 192 адам кайрылган. Мэрия жардам сурап кайрылгандардын саны кыйла кыскарганын маалымдап, калган стационарлар кадимки тартипте иштей берерин кошумчалады.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги 3-августка карата Бишкектин стационарларында 1 316 бош орун бар экенин маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы суткада COVID-19 жана пневмония менен ооруган 410 адам катталды, алардын ичинен 94ү Бишкекте.

Пандемия башталгандан бери жалпысынан коронавируска жана пневмонияга 37 миңден ашуун бейтап чалдыккан. Илдеттен 1 409 адам каза болду.

Стационарлардын тизмеси:

  • «Семетей» (Ганси) – 360 орун;
  • Кыргыз илим-изилдөө курортология институту (Таш-Дөбө айылы) – 222 орун;
  • Улуттук госпиталь – 207 орун;
  • №1 интернат – 113 орун;
  • Республикалык наркология борбору – 94 орун;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана – 62 орун;
  • Азиз жана көрүүсү начар балдар интернаты – 52 орун;
  • «Ынтымак» медресеси – 50 орун;
  • Суворов окуу жайы – 48 орун;
  • Улуттук фтизиатрия борбору – 38 орун;
  • «Rixon» отели – 25 орун;
  • Улуттук хирургия борбору – 22 орун;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору – 22 орун;
  • КММА – 21 орун;
  • Темир жол ооруканасы – 14 орун.