Кыргызстанда коронавирус дагы 410 кишиден аныкталды — жалпы 37 129 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 3-августта коронавирустун жаңы 410 учуру катталганын кабарлады. Илдетке чалдыккандардын арасында 20 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 94;

Ош облусу — 79;

Ысык-Көл облусу — 66;

Ош шаары — 47;

Жалал-Абад облусу — 37;

Баткен облусу — 34;

Чүй облусу — 33;

Нарын облусу — 12;

Талас облусу — 8.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган жарандардын саны 37 129га жетти — алардын 16 787си лабораториялык тастыкталган. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 2 829 медициналык кызматкер бар.

Коронавиурсту жуктуруп алгандардын 27 927си айыгып, 1 420 киши каза болду. Учурда 7 790 бейтап ооруканаларда калууда.

Бишкек шаарындагы ооруканаларда 2 858 бейтап дарыланууда. Ошондой эле Ош облусунда — 1 207, Чүй облусунда — 859, Ысык-Көл облусунда — 805, Жалал-Абад облусунда — 743, Ош шаарында — 535, Баткен облусунда — 426, Талас облусунда — 210 жана Нарын облусунда — 149 киши коронавирус менен күрөшүүдө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.