Жалал-Абад: Ыктыярчылар каржы полициясы тарабынан басым болгонун айтышты, мекеме муну четке кагууда

Ыктыярчы Наргиза Караева. Сүрөт: «Справедливость» уюму

«Жалал-Абад жаштар кыймылынын» ыктыярчылары 1-августта аларга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан басым болгонун айтып чыгышты. Мекемеден маалыматты четке кагышууда.

Ыктыярчылар Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоочу уюмуна июль айынын аягында финполициянын кызматкерлери алардын ишмердүүлүгүнө кызыгып, басым көрсөтө башташканын билдиришкен.

«Кызматкерлер өздөрүнүн аракеттерин биз юридикалык жак эмес экендигибиз, ошондуктан биздин каржылык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укугубуз жок экени менен түшүндүрүшүүдө. Алар акыркы 4-5 күндүн ичинде кысым көрсөтө башташты, буга чейин эч ким кийлигишкен эмес. Бирок биз жардам көрсөтүүнү улантабыз, анткени адамдар өлүп жатышат», — деген ыктыярчылардын бири Наргиза Караева.

Каржы полициясынан маалыматты четке кагышып, алардын эч бир кызматкери ыктыярчылар менен байланышпаганын билдиришти.

«Каржы полициянын кызматкерлери ыктыярчылардын кыймылына кысым көрсөтүп жатышат деп жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт жана коомчулукту адаштырууда», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле алар, «мамлекеттик кызматтын атын жамынып аракет кылган» жаранды табуу үчүн ыктыярчылар менен кызматташаарын кошумчалашкан.

Мындан сырткары мекеме ушул сыяктуу учурларда ыктыярчылардан 1955 ишеним телефонуна кайрылууну же Ички тергөө жана коопсуздук кызматынын 0312 323671 номерине чалууну суранат.

Медиктерге тамак-аш, коргонуучу каражаттар, дары-дармек жана концентраторлор

«Жалал-Абад жаштар кыймылынын» ыктыярчылары 10-июлдан тартып жардам көрсөтүүнү башташкан. Алар алгач медиктерге тамак-аш жеткирип, коргонуучу каражаттар менен камсыз кылып турушкан.

Андан соң акча каражаттарын топтоп, 10 кычкылтек концентраторун алып беришкен. Алардын айтымында, кыймылга кайрымдуу адамдар жардам беришет.

«Курулуш компаниялары жана супермаркеттер жардам берди. Кычкылтек концентраторлорунан тышкары, дары-дармектер жана шприцтер тартыш болду. Айрым учурларда, адамдар акча эмес, дары-дармектер менен жардам беришин сурандык. Мисалы, Орусиядагы мекендештерибиз чогулткан 120 миң сомго биз керектүү дары-дармектерди жөнөтүп берүүнү суранганбыз, алар жиберишти», — деп айтып берген ыктыярчы Наргиза Караева.

Ыктыярчылардын жардамынан баш тартуу жана дарыгерлерге кысым көрсөтүү

Буга чейин 24-июлда соцтармактарда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) Жалал-Абад аймактык башкармалыгы боюнча башчысы Жыргалбек Осмоналиевдин колу коюлуп, Жалал-Абад облусунун дарыгерлерине даректелген документ пайда болгон.

Анда эгер оорукананын жетекчилери дермөөрчүлөргө жардам сурап кайрылууну уланта берсе, «жеке жоопкерчилик» тартат деп айтылган. Кийинчерээк ММКФ кечирим сурап, кызматкерлер «врачтарга кайрылуунун туура эмес стилин» колдонушуптур деп түшүндүргөн.

Ошондой эле Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эл аралык уюмдардан, бизнесмендерден жана ыктыярчылардан гуманитардык жардам кабыл алууга тыюу салган буйрук же жарлык жок экенин айткан.

Дарыгерлердин жардамдан баш тартуусуна ыктыярчылар да көңүл бурушкан. Ыктыярчы Назира Бейшеналиева Kaktus.mediaга курган маегинде, врачтар «жогору жактын буйругунан» улам ыктыярчылардан жардам алуудан коркуп калышканын айтып берген.

Дагы башка ыктыярчы жана «Эко Деми» коомдук фондунун өкүлү Айжан Чыныбаева фейсбук барагында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазып, ыктыярчылардан жардам алганы үчүн коркутууларды алып жаткан ооруканалардагы врачтарга басым көрсөтүүнү териштирүүнү өтүнгөн.

Ал эми 10-июлда Ош облусунда медициналык каражаттардын жетишпестигин айтып видеокайрылуу аркылуу жардам сураган врач Гүлмира Өмүржанованы кызматынан төмөндөтүүгө аракет кылышкан.

Бул Кыргызстанда пандемия башталгандан бери дарыгерлерге кысым көрсөтүлгөн жалгыз учур эмес. Алардын эң резонанс жаратканы — апрель айында Ысык-Ата райондук ҮМБнын врачы Бектур Апышев твиттере аларга жумушта тагуу үчүн берилген беткаптын сүрөтүн жарыялап сындагандан көп өтпөй, кайра «дезинформация үчүн» кечирим сураганы болгон.

Өлкөдө 3 миңге жакын медик коронавирусту жуктуруп алган шарттагы мындай окуялар коомчулукта нараазычылыктарды жаратат — Саламаттык сактоо министрлигинен медкызматкерлерге басым болбошуна көз салынат деп убадалашкан.

3-августка карата коронавируска жалпысынан 37 129 адам чалдыгып, анын 1420сы каза болду.