Кыргызстанда коронавирустан дагы 816 адам айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 4-августта COVID-19дан дагы 816 бейтап айыкканын маалымдады. Айыккандардын арасында 41 медицина кызматкери да бар.

Коронавирустан айыкканадардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 217;

Жалал-Абад облусу — 158;

Ысык-Көл облусу — 110;

Чүй облусу — 93;

Талас облусу — 64.

Баткен облусу — 59;

Ош облусу — 56;

Ош шаары — 39;

Нарын облусу — 20;

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 28 743кө жетти, илдет жалпысынан 37 541 адамда аныкталган. Айыккандардын арасында 1 894 медкызматкер бар.

Учурда стационарларда 7 382 адам дарыланып жатат. Коронавирустан жалпы 1 427 адам каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.