Мурдагы «Ганси» авиабазасындагы обсервация инфекциялык оорукана болуп жабдылат

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, COVID-19га кабылган бейтаптар дарыланып жаткан мурдагы «Ганси» авиабазасындагы «Семетей» обсервациясын миң орундуу инфекциялык оорукана кылып жабдуу пландалууда.

Обсервацияны оорукана кылып жабдуу маселесин вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев орусиялык инфекционисттер менен бирге талкуулашкан.

«Мында жетиштүү өлчөмдөгү койко-фондду түзүү, анын ичинде реанимациялык бөлүмдү жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталууда», — деп маалымдашты басма сөз кызматтан.

Орусиялык адистер обсервациянын базасында жугуштуу оорулар ооруканасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Анткени, бул жакка башка оорулууларды кадимки тартипке кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Исмаилова мурдагы «Ганси» базасында бир миңден ашуун орун уюштуруп, оорукананын базасында лаборатория түзсө болоорун айтты.

Мурдараак премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу үчүн өкмөт муниципалдык имараттарды инфекциялык ооруканаларга ылайыкташтырып жабдырын билдирген. Мындан тышкары Бишкек менен Ошто жугуштуу оорулар үчүн оорукана курулат.

Бийлик июль айында Бишкекте коронавирус күч алып, ооруканаларда орун жетишпей калгандан кийин ушундай чечимге келген. Алар бейтапканаларга келген күчтү басаңдатуу үчүн күндүзгү жана түнкү стационарларды ачышкан.

4-августка карата маалымат боюнча, республика боюнча жалпысынан 37 541 адамда коронавирус аныкталган. Оорудан 28 743 адам айыгып, 1 427 адам каза тапкан.