Бейруттагы жарылуудан каза болгондор 80ден ашты

Ливандын борбору Бейрут шаарында 4-августта деңиз порту жакта кыйратуучу эки жарылуу болду. Кырсыктан каза болгондордун саны 80ден ашты, 4 миңден ашууну ар кандай жарааттарды алышты.

Өлкөнүн бийлиги каза болгондордун жана жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн билдирди, анткени урандылардын алдында дагы деле адамдар бар.

Соцтармактардын колдонуучулары жарылуу болгон учурда тартып алган видеолорун жарыялашууда. Анда чоң жалындуу шар асманга көтөрүлүп, жарылуу толкуну айланадагылардын баарын кыйратканын көрүүгө болот.

https://twitter.com/borzou/status/1290675854767513600

Ливандын президенти Наим Аун өлкөдө 5-августтан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланаарын билдирди. Мындан тышкары, Бейрутта эки аптага өзгөчө абал режими киргизилип, шаар кырсык чөлкөмүнүн макамына ээ болду. Бул режимдин шартында бийлик коопсуздукту камсыздоо үчүн армияны колдоно алат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жарылуудан улам Казакстандын Ливандагы консулу жараат алганын кабарлады. Ошондой эле, Казакстан менен Орусиянын элчиликтеринин имараттары жабыркаган.

Орусиянын Ливандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Вячеслав Максудов «ТАСС» басылмасына курган маегинде жарылуудан Орусия элчилигинин бир кызматкери жабыркаганын айтты. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Бул кырсыкта жаракат алган Кыргызстандын жарандарынын бар жогу боюнча азырынча маалымат жок.

Ливандын премьер-министри Хассан Диаб жарылуу 2750 тонна аммиак селитрасынын туура эмес сакталышынан улам болушу ыктымалдыгын айтты. Аммиак селитрасы — бул жардыруу иштери үчүн жана азоттук семирткич катары колдонула турган зат.

Ливандын LBCI телеканалы өлкөнүн Жогорку коргонуу кеңешине таянып маалымдагандай, селитралар портто 2014-жылдан бери, «Росус» кемисинен конфискациялангандан бери турган.

Кемеде иштеген моряктар «Росус» мурда орусиялык ишкер Игорь Гречушкинге таандык болгонун айтышкан.

Премьер-министр кырсыктын себептерин иликтөө жана күнөөлүүлөрдү табуу үчүн комиссия түзүүнү тапшырды.