«Аэрофлот» 31-августка чейин Бишкекке уччу рейстердин баарын токтотту

6-августта Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы 31-августка чейин эл аралык багыттар боюнча туруктуу рейстерди токтотоорун билдирди.

«Аэрофлот» рейстерди токтотуу тууралуу чечимди «каттам жасалчу өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык чектөөлөрдү эске алуу менен» кабыл алды.

Аба каттамдары болбой турчу шаарлардын катарына Бишкек дагы кирди. Ошондой эле, бул тизмеде Казакстан, Кытай, Европа, АКШ жана Азиянын бир катар шаарлары бар.

Компаниядан кошумчалашкандай, 1-майдан кийин билет сатып алган жүргүнчүлөр жокко чыгарылган маршруттар боюнча авиабилеттердин акчаларын кайтарып алышса болот.

Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эле коронавирус пандемиясынан улам март айында чек араларын жаап, эл аралык жана ички авиа каттамдарды токтоткон — алар 5 айга чукул убакыттан бери иштебей келет.

Бирок «Манас» аэропорту жүк жана чартердик рейстерди тейлеп жатат. 8-июндан тарта Кыргызстанда бардык ички авиарейстер иштеп баштаган.

29-июлда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Орусия жана БАЭ өлкөлөрүнө августтан тарта авиа каттамдарды ачып, жумасына бир нече каттам уюштурууну сунуштаган. 3-августта Түркиядан башка өлкөлөрдүн баары авиа каттамдарды азырынча жандандыруудан баш тартканы белгилүү болгон. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 5-августта «Түркия аба жолдору» авиакомпаниясы Стамбул — Бишкек — Стамбул багыты боюнча аба каттамдарын жандандырганын кабарлаган. Алар бир жумада эки жолу каттап турушат.

Бирок, Стамбул — Бишкек багыты боюнча бир гана Кыргызстандын жарандары уча алат.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Түркиянын аймагына кирүү үчүн кыргыз жарандарынан ПЧР тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт жана аларга карата карантин колдонулбайт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 6-августка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 38 659 учур катталган. Пандемия башталгандан бери оорудан 30 099 бейтап айыгып, 1 447 адам каза болгон.