Прокуратура менен Чек ара кызматы ок тийген 8 жашар бала боюнча эки башка маалымат таратты

Иллюстративдик сүрөт.  Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу 

Мамлекеттик чек ара кызматы 6-августта кыргыз-тажик чек ара аймагында чыккан чыр-чатактан улам кыргыз аскери октон жаракат алганын маалымдады. Учурда анын абалы туруктуу деп кабарланды.

Мекеменин маалыматына ылайык, Баткен районунун Эки-Таш аймагында Тажикистан тараптан белгисиз адамдар ыктымал мергенчилик куралдан Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок чыгарышкан. Жыйынтыгында ок аскер кызматкеринин колун тешип өткөн.

«Учурда Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат. Чек ара аймагындагы аталган жерликтеги кырдаал 6-август саат 10:00гө туруктуу деп мүнөздөлөт», — деп жазылат билдирүүдө.

Материал жарык көрөөр алдында Тажикстандын аталган окуя боюнча версиясы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Чек арадагы жаңжал

Буга чейин 2-июнда аталган аймакта Тажикстан тараптан белгисиз жарандар Ош — Исфана жолунда бара жаткан кыргызстандык айдоочуга бир нече жолу ок чыгарышканы маалым болгон. Мындан улам ал денесинен жеңил жараат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Ал эми мурдараак облустун Көк-Таш айылында жайыт маселесинен улам Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайым айтышуу орун алып, ал ок атышууга айланган. Натыйжада төрт кыргызстандык — үч чек арачы — жана эки тажикстандык жарадар болгон.

Жарадар болгон кыргызстандык аскерлердин бири оор абалда болгондуктан ага операция жасалган. Экинчи операцияны жасатуу үчүн аны 1-июнда Москва шаарындагы аскердик ооруканага которушкан.