Москва: Ымыркайды көчөгө таштаган кыргыз жарандарынын үстүнөн текшерүү жүрүүдө

Кароосуз калган ымыркай ооруканада

Москвада ымыркайын көчөгө кароосуз таштап кеткен кыргызстандыктардын үстүнөн баланы кооптуу жагдайда калтыруу фактысы боюнча текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Москва шаары боюнча тергөө бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, 5-августтун түнүндө коляскада ыйлап жаткан ымыркайды шаардын тургуну Студенческая көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан таап алып, укук коргоо органдарына кабарлаган.

«Ымыркай медициналык мекемеге жеткирилип, дарыгерлер тарабынан текшерилди. Анын ден соолугуна эч кандай коркунуч келтирилген эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Милиция баланы ооруканага жеткирген. Дарыгерлердин айтымында, ымыркай 10 айлык куракта. Ал бейтапканага жеткирилген учурда абдан коркуп калганы байкалган. Бирок медиктер анын саламаттыгы жакшы экенин белгилешкен.

Баланы калтырып кеткендер көп кабаттуу үйдүн видео камераларына түшүп калган — мындан улам аларды табуу кыйын болгон эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында баланы атасы Омар Момунов жана чоң энеси таштап кеткени аныкталган. Атасынын айтымында, аялы экөө урушуп ал үйдөн чыгып кеткен. Ымыркайды аялынын туугандары жашаган турак жайдын астына алар алып кетишет деген ойдой атайын калтырган.

«Аялым менен урушуп кеттик. Ал эжесинин үйүнө кетип калган. Аялым кайра келген жок. Мен уулумду эжесине калтырууга аракеттенсем ал кайра берип койгон. Мындан улам мен аны алар турган үйдүн алдына калтырып кеткем», — деген ал.

Ал эми анын апасы «катачылык» кетип калганын, баладан баш тартпай турганын билдирген.

«Мен баламды абдан жакшы көрөм. Бул жерде жөн гана кокустук болуп кетти», — деп түшүндүргөн ал.

Москва шаардык прокуратурасынан кыргыз жарандарына башка факттар боюнча да суралат деп билдиришти.

«Прокуратура тарабынан сентябрь айында бир жашка толчу баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугу боюнча фактка баа берилет. Ошондой эле баланын жашоо шарты текшерилет», — деген прокуратуранын басма сөз катчысы.

Милиция баланы ата-энесине кайтарып бере элек. Учурда тергөө иштери уланууда.