Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарамдуу өкүлү Балбак Түлөбаев облустук администрациядагы кызматтык автоунаалардын бирин сатып, ордуна тез жардам машинасын алууну чечти.

«Эгер унаа сатылып калса түшкөн акчага тез жардам унаасын алабыз. Балким кимдир бирөө биз менен алмашкысы келет. Бул маселе күн тартибинде», — деген ал.

24.kg басылмасынын жазышынча, сөз биринчи орун басар Дамир Моңолдоровдун машинасы тууралуу болуп жатат. Облустук администрациянын маалымат кызматы «Клоопко» Түлөбаев долбоордун алкагында алынган Toyota Prado үлгүсүндөгү жол тандабас тууралуу айтып жатат дешти.

«Буга чейин деле долбоордун алкагында келген автоунааларды облустагы муктаж болгон аймактарга берүү тажрыйбасы болуп келген. Бул автоунааны алууда бюджеттен акча коротулган эмес», — деп администарциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Андан сырткары иштин мыйзамдуу жагын юристтер караштырып жатканын кошумчалашты.

Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынын билдиришинче, облустук администрацияда учурда төрт кызматтык автоунаа бар. Аларды азыр жетекчи, эки орун басары жана аппарат жетекчиси колдонот.

Облус жетекчилигинин машина чырына байланышкан учурлары буга чейин да болгон. Июлдун аягында соцтармактын колдонуучулары жетекчи менен орун басары пандемия учурунда Toyota Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа сатып алганын жазып чыгышкан.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү аталган автоунаа 2018-жылы облуста айыл-чарбасын жана туризмди өнүктүрүү боюнча ЮНИДО долбоорунун алкагында алынганын билдирген. Ал машинаны биринчи орун басар Дамир Моңолдоров убактылуу колдонуп турган. Аныгында ага «Мерседес 220» үлгүдөгү кызматтык унаа таандык.