Орусиянын Ингушетия Республикасындагы Назрань аймагында согушкерлерди жок кылуу операциясы учурунда эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Муслим Евлоев каза тапты. Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы ишенимдүү булактарына таянып маалымдады.

«Болжолдуу маалымат боюнча операцияда жок кылынган адам республиканын 25 жаштагы жашоочусу Муслим Евлоев», — деп булак «Интерфакска» билдирген.

Анын айтымында, күч органдары аталган аймактагы үйлөрдүн биринде жашыруун топтун мүчөсү жашынып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат алган. Назрань шаарындагы темир жол бекетинин аймагындагы үйдү текшерүү учурунда ок атышуу орун алган. Болжол менен Евлоев оор жаракаттан улам көз жумган.

Муслим Евлоев 2015-жылдан бери күрөш боюнча Кыргызстандын курамасынын атынан мелдештерге катышып жүргөн. Ал Бакудагы Ислам тилектештик оюндарында жана «Яшар Догу» эл аралык турниринде жеңүүчү болуп, 2017-жылы Индиядагы Азия чемпионатында коло, 2018-жылы Бишкектеги Азия чемпионатында алтын медаль уткан.