Ош шаары: Ак-Бууранын жээгин оңдоо боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштады

Ак-Буура дарыясынын жээгинин эскиздик долбоору. Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 7-августта Ак-Бууранын жээгин жакшыртуу боюнча курулушка капсула салды. Коронавирус пандемиясына карабай башталган ири долбоорго 252 млн сом жумшалат. Бирок быйылкы жылдын бюджетинен 60 млн сом бөлүнмөй болду.

Өз сөзүндө калаа башчысы дарыянын жээги акыркы 5-10 жылда мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткенин белгилеп, бир да метр аралык сакталбаган учурлар бар экенин эскертти.

«Биз сыймыктанган Ак-Буурабызды, эс ала турган жайыбызды басмачылар басып алгандай басып алышкандарды, саткандарды көрүп алып жакамды кармап жатам. Ушуну мен айтпасам ким айтат? Дарыянын жээгинен 50 метр аралык сакталышы керек. Азыр бир метр да сакталган эмес. Азыр климат дагы өзгөрүп атат, сел түз жерлерден дагы кетип атат. Биздин биринчи максат дарыянын жээгин бекемдөө. Кийин суу көбүрөөк келгенде эл ырахматын айтса керек», — деп түшүндүрдү Сарыбашов.

Мэр долбоорду президент Сооронбай Жээнбеков өзү колдоп бергенин кошумчалап, ага ыраазычылык билдирди.

Ак-Бууранын жээгинин 5 километр аралыгы реконструкцияланат. Долбоорго ылайык дамба курулуп, жээктер бекемделет. Ошондой эле тротуар, веложол курулуп, бак-дарактар тигилет.

Долбоорду тендерден утуп чыккан «Капитал Курулуш» ишканасы ишке ашырууда.

1,5 ай карантин убагында шаардык бюджетке 103,5 млн сом түшпөй калган.

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу калаадагы ишкерлердин жумушу токтоп, салык төлөмдөр кескин кыскарып кеткен. Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарынын бюджетинин 86,7 пайызы салыктардын эсебинен жыйналат.

Бирок жергиликтүү бийлик антикризистик план иштеп чыгып, массалык иш-чараларга жана маданий иш-чараларга каралган чыгымдарды кыскартууга барды.

Ак-Буура дарыясы Ош шаарынын ортосунан агып өтөт. Анын узундугу 138 километрге барабар.