Коронавирус дагы 10 медикте аныкталды. Ооруга чалдыккан медиктердин жалпы саны 2 938ге жетти

Республикалык штаб акыркы сутка ичинде коронавирус дагы 10 медикте аныкталганын маалымдады.

Медицина кызматкерлеринин коронавируска чалдыккан эң көп учуру Баткен облусунда катталды — 3 адам. Ош шаарында медиктердин арасында коронавирус жуктуруунун жаңы 2 учуру катталды.

Бишкек шаарында жана Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын облустарында бирден медкызматкер инфекциягы чалдыкканы аныкталды.

Ошол эле учурда ооруканалардан 12 медицина кызматкери чыгарылды, ал эми үй карантининен 60 медик коё берилди.

Жалпысынан, медицина кызматкерлеринин арасынан коронавируска 2 938 адам чалдыгып, алардын ичинен 2 097 медик оорудан айыгып чыккан.

«Саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирус жуктурган кызматкерлеринин жарымына жакыны орто медперсоналын түздү: санитардык дарыгерлердин жана эпидемиологдордун жардамчылары, лаборанттар, медайымдар», — деп айтып берген 3-августта өткөн брифингде коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.