COVID-19: Улуттук госпиталдын микрохирургу Мырзабек Матеев каза болду

Сүрөт Матеевдин баракчасынан алынды

Улуттук госпиталдын пластикалык кайра калыбына келтирүүчү (реконструктивдик) микрохирургия жана манжа хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, профессор Мырзабек Матеев 8-августта пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

«Улуу адам, дос, кесиптеш жана мугалимдин элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат!» — деп жазды Баялинова.

Матеев 1959-жылы Чүй облусунунун Кара-Балта шаарында туулган. Ал 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын, үч жылдан кийин интернатура жана ординатураны аяктаган. Ал эмгек жолун 1985-жылы микрохирургия бөлүмүндө баштаган.

1994-жылы Матеев Улуттук госпиталдын пластикалык микрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси болуп, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде эмгектенген. Мындан сырткары ал Кыргыз-орус славян университетинин хирургия кафедрасынын жана Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун жаңы технологияларынын профессору.

Ошондой эле Матеев Европанын эл аралык микрохирургдардын ассоциациясынын жана Манжа хирургиясынын эл аралык кенешмесинин мүчөсү болгон.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы жайылгандан тарта пневмонияга чалдыккан бейтаптардын саны да кескин өстү. Өкмөт ооруканадан сырткары пневмонияны COVID-19 инфекциясы шарттаганын моюндап, алардын статистикасын 17-июлда бириктирген.

9-августка карата коронавирустан улам каза болгон бейтаптардын саны 1468ге жетти — алардын арасында 70тен ашуун медкызматкер бар.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.