Филология илимдеринин доктору Үсөнбек Асаналиев каза болду

Үсөнбек Асаналиев

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Үсөнбек Асаналиев 9-августта каза болду. Ал 88 жашта эле.

Асаналиев узакка созулган оорудан улам каза болгогндугун акын Мусакун Сатыбалдиев билдирди. Маркумдун сөөгү 10-августта өзү туулуп-өскөн Даркан айылына коюлат.

Түрколог, котормочу, акын жана комузчу

Маркум Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Даркан айылында төрөлгөн. Дархан орто мектебин бүтүрүп, Пржевальск шаарындагы мугалимдер институтуна тапшырган. Андан соң Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил, адабият институтунда лаборант, кенже илимий кызматкер, Илимдер академиясынын алдындагы жаӊы уюшулган Кыргыз Совет энциклопедиясында сөздүк жана илимий контрол редакциясынын башчысы, жооптуу катчы кызматтарында эмгектенген.

Бир катар илимий эмгектерди жана диссертацияларды коргоп, 15 жылдан бери Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасында профессор болуп иштеп жаткан.

Ал «Талас-Рун жазуу эстеликтери», «Кыргыз жазуусунун жана орфографиясынын кээ бир маселелери», «Орхон-Енисей жазууларына машыгуу», «Байыркы түрк тилиндеги топонимдер» жана башка бир катар илимий эмгектердин автору.

«Жакшы сөз – жан азыгы», «Өрнөктүү өмүр», «Карга аке» жана «Сөз – сөнбөс жарык» аталышындагы көркөм чыгармалары да бар.

Ошондой эле ал «“Кутадгу билиг” эстелигинин тилдик өзгөчөлүктөрү», «Хакас эл жомоктору» жана башка онго жакын котормолору, «Сагыныч», «Кашка-Суу», «Замана» аттуу күүлөрдү жараткан. Мындан сырткары 20дан ашуун обондун автору.