Чүйдө мобилдик бригаданын дарыгери пневмониядан каза болду

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Чүй облусунда Саламаттык сактоонун отличниги, бактериолог дарыгер Алмагүл Айтбаева 18-июлда коронавирус шарттаган пневмониядан каза болду. Ал 61 жашта эле.

Маркумдун өлүмү тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

«Министрлик жана кесиптештери Алмагүл Айдарбековнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө калат», — деп жазылат эскерүүдө.

Айтбаева пандемиянын биринчи күндөрүнөн тарта өз өмүрүн тобокелге салып мобилдүү бригаданын катарында иштеп жаткан.

Маркум Айтбаева кесиптештери менен жумуш учурунда. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Ал Токмок шаарынын Жаңы-Жол айылында туулган. Мамлекеттик медицина институтунун санитардык-гигиеналык факультетин аяктап, Чүй - Токмок шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматына санитардык дарыгер болуп орношкон.

29 жашында бактериологиялык лабораторияга дарыгер болуп которулуп, өмүрүнүн акырына чейин лабораториянын башчысы болуп иштеди.

Маркум үзүрлүү эмгеги үчүн «Саламаттык сактоонун отличниги» наамына татыган.

Өлкөдө коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин саны 10-августка карата жалпысынан 2 959га жетти.

Ал эми өкмөт илдеттен каза болгон медкызматкерлердин саны боюнча акыркы жолу 30-июлда гана маалымат берген — анда каза болгон ак халатчандардын саны 73тү түзгөн.